Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен жолдорду оңдоо болжолдуу түрдө 15-мартта башталат.
Бул тууралуу novosti.kgге капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары
Улан Уезбаев билдирет. Анын айтымында, кайра калыбына келтирүү иштери аба-ырайынын шарттары
мүмкүнчүлүк берсе эле башталат. Белгилеп кетсек, кеп, “Жол тармактарын өнүктүрүү” долбоорунун
2-фазасы тууралуу болуп жатат. Программада жалпысынан 60 көчөнү оңдоп-түзөөнү камтыйт.
Калаа бийлиги быйыл 43 тилкени калыбына келтирүү ниетинде.