Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов «Азаттыкка» билдирди.

 

Анын айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жаралды. Жеринде элчиликтин кызматкерлери маселени чечүүдө.

 

Кечээ, 28-февралда Украинанын борбору Киевден   112 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга жөнөп кеткен. Украинанын үч шаарында кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алуу жайы ачылды.