Кыргызстанга марттан бери Россия, Беларусия жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар көчүп келип, каттоодон өттү

 

Кыргызстанга марттан бери Россия, Беларусия жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн 50дөн ашык IT-компаниялар көчүп келип, каттоодон өттү. Бул тууралуу “Экономист” басылмасына Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдирди.

 

Анын айтымында, мындай көрүнүш Кыргызстан үчүн жакшы — IT-компаниялар АКШ, Азия жана Европада акча таап, аны кызматтарга, экономикага салым катары жана салык катары төлөйт.