Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бишкек – Ош унаа жолу аркылуу сапарга чыккан айдоочуларга этият болуу сунушталат, — дешти Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан.
Инспекторлордун айтымында, жол кырсыктарын алдын алуу максатында жол эрежелерин сактап, этият болуу керек. Зарылчылык болсо, Бишкек – Ош трассасы менен сапарга чыкпай туруу оң.