Ордо калаада мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда. Иштерди “Тазалыктын” жана жер колдонуу башкармалыгынын кызматкерлери аткарып жатат. Бул ирет Кара-Дарыя көчөсүндөгү балдар аянтчасы, Байтик Баатыр көчөсүндөгү темир тосмолор жана соода күркөлөр алынды.
Алар эч кандай документтери жок эле орнотулганы аныкталды. Ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.