Парламент билим берүү министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды. Аны бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган. Бейшеналиевдин талапкерлигин 76 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Белгилеп кетсек, Бейшеналиев 2021-жылдын май айында Билим берүү министри болуп дайындалган.
Андан кийин республиканын БУУдагы туруктуу өкүлү, Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп эмгектенди.