Парламенттик шайлоого карата 25 эл аралык байкоочу каттоодон өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, алардын 18и Европадагы
Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунан, бешөө КМШ, экөө Молдованын Боршайкомунан.
Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.
Ага катышууга 15 саясий партия ат салышууда, аларда 1 миң 912 талапкер бар.