Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 824 миллион долларды түздү.
Июль айынын аягына карата маалыматты Каржы министрлиги берди. Бересенин басымдуу бөлүгү
ар багыттагы жеңилдетилген насыялар. Мындан тышкары, биздин өлкө бересенин 1 миллиард 776 миллион долларын
Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына карыз. Белгилеп кетсек,
июль айында мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 731 доллардан туура келген.