Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.
Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Иш сапар 22-декабрга белгиленди.
Анын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар инфраструктуралык жана социалдык
объектилердин иши менен таанышат. Эске салсак, Новиков буга чейин Нарын,
Баткен облустарына барып, жергиликтүү калктын турмуш-шартын көрүп келген.