Жаңы жалпы жарандык паспорттор АКШ тараптан киргизилген санкция маселесин чече алат

Жаңы жалпы жарандык паспорттор АКШ тараптан киргизилген санкция маселесин чече алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батыркановдун айтымында,

биометрикалык паспортторду ишке киргизүү менен мамлекеттик чек аралардан өткөндөрдү

каттоого алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле бул аркылуу жасалма жана мыйзамдуу эмес

документтер менен күрөшүүгө натыйжалуу чара болот. Эске салсак, жаңы үлгүдөгү жалпы

жарандык паспортторду кийинки жылдын 1-апрелин тартып берүү пландалууда.

Учурда мамлекеттик каттоо кызматы бланктардын сапатын,

коргоо элементтерин жана  дизайнын тестирлөөдөн өткөрүп жатат.