Ордо калаа мэриясында кадрдык алмашуулар болду.
Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка ишке которулганына байланыштуу
ээлеген кызматынан бошотулду. Эми турак-жай коммуналдык чарба маселеси
боюнча биринчи вице-мэр болуп Жамалбек Ырсалиев дайындалды.
Андан тышкары, Максатбек Сазыкулов экономика жана каржы маселеси
боюнча вице-мэр болуп бекитилди. Кошумчаласак, Бишкек мэриясында
биринчи вице-мэрден тышкары ар бир багытты тейлеген төрт вице-мэр бар.