Вице-спикер Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дүйшөналиев үй карантинине алынды

Вице-спикер Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дүйшөналиев

үй карантинине алынды. “Азаттыктын” маалыматына караганда,

алар бүгүн түнү Германиядагы иш сапарынан келишти. Мындан тышкары

парламенттин 7 кызматкери 14 күнгө карантинге түштү. Алардан

коронавируска анализ алынган. Жыйынтыгы бүгүн чыгат. Кошумчаласак,

эпидемиалогиялык абалы боюнча өлкө штабы мамлекеттерди 3

категорияга бөлгөн. Биринчиде Германия, Кытай, Италия, Иран,

Түштүк Корея, Франция жана Испания бар. Бул өлкөлөргө каттаган

кыргызстандыктар 14 күнгө карантинге алынат. Илдет күч алган

өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине

тартылат. Аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.