Президент Садыр Жапаров Россия Президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды

  • Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин

администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары, ошондой эле Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чаралары, анын ичинде Кыргызстанга Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.