Президенттик шайлоолордо чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелери дипломатиялык миссиялардын жана өкүлчүлүктөрдүн имараттарында ачылат.
БШКнын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңеш шайлоолорунда 44 тилке ачылган.
Алардын санын өзгөртүү азырынча каралбайт. Ошондой эле, форма-2 менен чет мамлекеттерде шайлоо күнүндө жүргөн кыргызстандыктар гана добуш бере алат. Алар бул үчүн 29-декабрга чейин арыз тапшырышы керек.