Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 миллион 344 миң сом жумшалат

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 миллион 344 миң сом жумшалат. БШКнын маалыматына ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү операторлордун айлыгына багытталат.

 

Ошондой эле, сметада транспорттук чыгашалар, жабдууларды сатып алуу, Соцфондко которуулар жана башка беренелер бар. эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерге шайлоо 11-июлда өтөт.

 

Ал эми апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы көптөгөн мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылды.