Президенттикке талапкерлер БШКга документтерин 6-декабрга чейин тапшырышы керек

Президенттикке талапкерлер БШКга документтерин 6-декабрга чейин тапшырышы керек. Эгер аларда каталар же туура эмес маалыматтар катталса, комиссия 1 күндүн ичинде талапкерге бул тууралуу билдирет.

 

Ал эми талапкерге каталарды жоюга 48 саат берилет. Үгүттөө кампаниясы 15-декабрда старт алат. БШКдан эске салышкандай, өлкөнүн башкы постуна талапкерлерден арыздар  14-ноябрга чейин кабыл алынат.

 

Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор жаңырган жылдын 10-январында өтөт.