Бишкектин окуучулары мектептерине жаңы жылдан кийин гана кайтып келиши мүмкүн

Бишкектин окуучулары мектептерине жаңы жылдан кийин гана кайтып келиши мүмкүн.

 

Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Шаардык кеңештин жыйынында мектептер дезинфекциялык каражаттардын жоктугунан азырынча балдарды кабыл албай турганы айтылды.

 

Андан тышкары, ноябрдын ортосунда коронавирустун экинчи толкуну күч алат деген божомолдор бар. Чыныбаева белгилегендей, бул факторлорду эске алып, мектептерди экинчи чейректен тарта ачуу кооптуу.