Орто-Сай базарында ири өрт чыкты. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, тилсиз жоо түнкү саат 2де чектөөгө алынды. Буга 2 саат талап кылынды. Жалынды басууга өрт өчүрүүчүлөрдүн 5 бригадасы тартылды.
Тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок.