Равшан Сабиров президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Экс-вице-премьер Равшанбек Сабиров президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка мамлекет жетекчиси Садыр Жапаров  кол койгон.

 

Равшанбек Сабиров буга чейин өкмөттө региондук өнүктүрүү, реалдуу сектор жана инфраструктура маселелерин тескеген вице-премьер-министр кызматын аркалап келген. Ал эми жаңы дайындалган өкмөт башчысы Улукбек Марипов түзгөн курамда аталган кызмат жоюлганы маалым.