Президентке өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушу берилди

Республикалык ыкчам штаб президентке өзгөчө абалдын жана

өзгөчө кырдаалдын мөөнөтүн узартуу сунушун берди. Бул тууралуу

аталган штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов билдирет. Анын айтымында,

бейтаптар менен байланышта болгондордун баарын таап, аныктоо үчүн

убакыт керек. Бирок өзгөчө абал кайсы мөөнөткө чейин узартылаары белгисиз.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу,

Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген.