Өмүрбек Текебаев акталды

Бүгүн, 13-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновго карата жазык иши каралды.

Мамлекеттик айыптоочулар коюлган айыпты колдоодон баш тарткандыгына байланыштуу райондук сот эки саясатчыны актоо чечимин чыгарды.

Окуянын чоо-жайы:

21-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.