Мадумаров күнөөлүү деп табылды, бирок жаза чегерилген жок

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 26-марттагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылды. Бирок жаза чегерилген жок.

Соттун маалымат кызматы билдиргендей, Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, 338-беренесинин 3-бөлүгү боюнча айыпталууда.

 

Адахан Мадумаров өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин камакта болот. Быйыл 8-февралда райондук сот Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карап, 9-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

 

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров алгач кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюуга айыпталып, «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси менен камакка алынган.

Кийинчерээк Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, арыз жазган. Бул фактынын негизинде «алдамчылык» беренеси да кошулган.

 

Адахан Мадумаровду 2023-жылдын 2-сентябрында ИИМдин атайын даярдыктагы кызматкерлери көчөдө жүргөндө кармап кетишкен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.