Москва райондук сотунун судьясы кармалды

Москва райондук сотунун судьясы УКМК кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.
Соттор кеңеши маалыматты ырастап, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгенин кошумчалады. Азырынча судья кайсы ишке айыпталып жатканы тактала элек. Аталган орган толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.