Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды

12-октябрда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр, «Кумтөр иши» боюнча камалган Темир Сариевдин адвокаттарынын аппеляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сариевдин тарапташтары билдирди. Экс-премьер-министрдин 100гө жакын тарапташы соттун имаратынын алдына чыгып, аны бошотууну талап кылышты.

24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сариевдин бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырган.

Кумтөр кениндеги жемкорлукка байланыштуу кармалган Сариев 3-августтан бери камакта. Ал өзүнө коюлган айыпты толугу менен четке каккан.

«Кумтөр иши» боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

УКМКнын Кумтөр иши боюнча айыптоолорунда кен иштетүүдө коррупцияга жол берилип, Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, пайданын көбү чыгым катары көрсөтүлүп, көз жумду мамиленин айынан экологияга олуттуу зыян келтирилгени белгиленген.

Айыпталып жаткандар жана алардын адвокаттары коюлган айыпты четке кагып келатышат.