Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду

Бишкекте чуулгандуу мушташ боюнча кармалган милиционер үй камагына бошотулду. Чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Чүй облустук милициясынын кызматкери Казыбек Бапышев тергөө менен кызматташуу келишимине кол койду.

 

Эске салсак, былтыр 28-августта Жал кичи районунда мушташта эки адам мыкаачылык менен катуу сабалган. Аларды сабаганы айтылган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков кармалып, кайра коё берилгени коомдо катуу талкууга алынган. Көп өтпөй, буга алардын бир тууганы милиция кызматкеринин тиешеси бар экени аныкталган.