Референдумда 87 миң бюллетень жараксыз деп табылды

Референдумда 87 миң бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, бюллетенде эки вариантка тең белги коюлса же башка символдор түшүрүлсө, анда ал жараксыз болот.

 

Ошондой эле, белги рамкадан чыгып кеткен учурлар кездешет.

 

Осмоналиев белгилегендей, мында учурларда шайлоочунун келиши каттоого алынат, бирок добушу саналбайт. Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум кечээ өттү.