Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун чыгымдар сметасы бекитиле элек

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун чыгымдар сметасы бекитиле элек.

Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, Боршайком чыгымдарды эсептөөгө жана график түзүүгө шайлоонун

мөөнөтүн аныктоо жарлыгы чыккандан кийин киришет. Так мөөнөттү президент болжолдуу

түрдө февралда бекитет. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо былтыр апрелде өтмөк.

Бирок ал пандемияга байланыштуу токтотулган. Жергиликтүү кеңештерди

шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүү күнү быйыл 11-апрелге туура келет.