Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Кыргызстанда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай жыйынтыкка комиссиянын жумушчу тобу келди.

Эми чечим БШКнын мүчөлөрүнүн кароосуна жөнөтүлөт. Андан кийин акыркы чечим кабыл алынат.

Эске салсак, 4-октябрда добуш берүүдө алдын ала жыйынтык менен 4 партия өткөн.

Бирок 12 партиянын лидерлери Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын койгон.

Жыйынтыкка нааразы эл Ала-Тоо аянтына чогулуп, ак үйдү басып алышты.