Президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы ушул жуманын аягына чейин жарыяланат

Президенттик шайлоонун жана референдумдун расмий жыйынтыгы ушул жуманын аягына чейин жарыяланат. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүн Боршайком аймактык комиссиялардан протоколдорду кабыл алып жатат. Күтүлгөндөй, иштер шейшемби же шаршембиде жыйынтыкталат.

 

Андан кийин БШК жыйынтыктарды расмий жарыялоо даярдыгын көрөт. Эске салсак, мөөнөткө чейинки президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкарууну аныктоо боюнча референдум 10-январда өттү.