Жалал-Абаддын Чаткал районуна кирип-чыгууга тыюу салынды

Жалал-Абаддын Чаткал районуна кирип-чыгууга тыюу салынды. Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдиргендей, азык-түлүк алууга жана жүйөлүү муктаждык болгондо гана районго кирип-чыгууга уруксат берилет.

 

Посттон өткөн ар бир жаран экспресс-тест маалымкатын көрсөтүшү керек. Белгилеп кетсем, Чаткал районунда коронавирустун 7 учуру катталган.