Россия аймактарында такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды

Москванын “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы терракттан кийин бир катар россиялык аймактарда такси кызматына чет элдиктерди ишке кабыл алууга тыюу салынды. Мындай эреже жакында бүткүл Россияда жайылтылат, — деп билдирди “Такси кызматын өнүктүрүү боюнча коомдук кеңештин” жетекчиси Ирина Зарипова.

 

Ал белгилегендей, учурда такси айдоочулугуна орус тили расмий болгон өлкөлөрдүн жарандары гана кабыл алынууда. Алар Белоруссия, Кыргызстан жана Казакстан. Башка өлкө жарандарына таксиде иштөөгө тыюу салынат.