Сауд Арабиясы Кыргызстанга медициналык жабдууларды тапшырат. Алардын баасы 50 миң долларга барабар. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти. Өлкө башчы Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын элчиси менен жолукту.
Эки тарап Бишкек – Сауд Арабиясы түз аба каттамын ачуу суроосун талкуулашты. Андан тышкары, жакынкы арада эки өлкөнүн бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусу менен форум жана жарманкелерди өткөрүү пландалууда.