Нарында Нарын дарыясынын түндүк тарабын көрктөндүрүү пландалууда.
Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ведомствонун аймактык башкармалыгы долбоордук-сметалык документацияны даярдады.
Ага ылайык, Москва районундагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүнөн асма көпүрөгө чейнки тилке калыбына келтирилип, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.