Бишкек шаары менен Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.
«Катуу шамал жакынкы бир саат аралыгында, кечинде жана түндүн биринчи жарымында болушу ыктымал», — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ шаардыктар менен Чүй облусунун жашоочуларын сак болууга чакырды.