Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштоодо

Социалдык фонд аялдардын пенсия курагын 58 жаштан 60ка көтөрүүнү сунуштоодо.

Ведомство башчысынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, бүгүнкү күндө республикадагы пенсионерлердин 70 пайызын аялдар түзөт.

Ал эми 58 жашта пенсияга чыгуу аялдар үчүн али жаш.

Ошол эле учурда башка өлкөлөрдө жынысына карабай бардыгы бирдей жашта пенсияга чыгышат.

Мындай системага коңшу Казакстан да өтүп жатат, — деди Жуматаева.