Садыр Жапаров Британ ханзаадасынын сый тамагына чакырылды

Президент Садыр Жапаров Глазгодо өтүп жаткан Глобалдык климат саммитинде Британ ханышасынын үй-бүлөсү уюштурган сый тамакка чакырылды. Бул тууралуу делегациянын курамындагылардан белгилүү болду. Бүгүн, 1-ноябрда Садыр Жапаров Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гуттериш менен жолугары күтүлүүүдө.

 

Мындан тышкары бир катар эл аралык климаттык уюмдардын өкүлдөрү менен да жолугушуулар пландалган.

1-ноябрдын кечинде Садыр Жапаров ханзаада Чарльз уюштурган сый тамакка барат.

 

Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу БУУнун конференциясы 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам болбой калган. Быйыл Шотландиядагы Глазго шаарында 31-октябрда башталган саммитке 100дөн ашык өлкөнүн лидерлери катышып, 2015-жылы кол коюлган Париж келишиминин жыйынтыгы жана мындан аркы кадамдарды талкуулайт.

 

Бул иш-чарага Борбор Азиядан Кыргызстандын гана лидери катышууда. Париж келишимине ылайык бул жүз жылдыкта планетадагы абанын табы орто эсеп менен 2 градустан ашык ысыбашы керек. Бул чектен өтсө дүйнөнүн экосистемасы кайра калыбына келбей бузулары божомолдонууда.

Кечээ конференциянын расмий ачылышы болду. Глазгодо экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жашыл энергияга өтүш үчүн жылына 100 миллиард доллардык жардам көрсөтүү маселеси да каралат.