Жапаров Тажикстанга болгон сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон расмий сапары жыйынтыкталып, Бишкекке келди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров Тажикстанда 28-29-июнь күндөрү болду.

 

Мамлекет башчы Душанбе шаарындагы «Дусти» янтына барып, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Расмий сапарынын алкагында Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик кызматташтыгы боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн кылдаттык менен талкуулашты. Тет-а-тет форматындагы жана кеңейтилген форматтагы жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөө маселелери боюнча пикир алмашып, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоого өзгөчө көңүл бөлүштү.

 

Тараптар биргелешкен өкмөттөр аралык комиссияга кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын аныктоо иштерин активдештирүүнү, анын ичинде чек ара автожолдорун куруу жана пайдалануу маселелери боюнча чечимдерди табууну тапшырышкан.

Ошондой эле өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы коопсуздукту камсыздоодогу кызматташтыкты жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүү жаатында күн тартибинде турган эки тараптуу актуалдуу маселелерди талкуулашты.