Кызыл китепке киргизилген маралды аткандар кармалды

Кечээ, 31-октябрь күнү Сары-Челек биосфералык аймагынын кызматкерлери Туура-Арык тилкесинде мыйзамсыз атылган Маралды союп жаткан топту табышкан. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мыйзам бузгандар Аксы районунун Аркыт айылынын төрт тургуну болгон. Жеке тинтүү жана аймакты кароодо ок атуучу курал табылган эмес. Материалдык далил катары малдын териси, башы жана өлүгү алынган. Кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

 

Маалымат үчүн: Марал Кыргыз өлкөсүндө саны аз, Кызыл китепке кирген жаныбар. Маралды мыйзамсыз атуу үчүн айып 1 миллион сомду түзөт, ал эми өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөт.