Садыр Жапаров Доскул Бекмурзаевди иштен алды

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен энергетика министри Доскул Бекмурзаев иштен алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганга чейин кызматынан четтетилген.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 миллион 54 миң 197 сомду түзгөн. Бекмурзаев Салык кодексин жана мыйзамдарды бузуп, 2022-жылы өзүнө жана жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырбаганын белгилеген. Ошондой эле министр 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкүн толук көрсөткөн эмес.