Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, буга Коопсуздук кеңешинин берген сунуштары себеп болду.

 

Анын маалыматына ылайык, 2018-19-жылдары “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата 100дөн ашык иш козголгон. Анын ичинде ведомство жетекчиси Алымжан Козубаев дагы бар.