Алмазбек Бейшеналиев иштен алынды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду.
Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилип, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
ИИМ Бейшеналиев тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 миң 500 долларды үйүнөн алып, тергөө органдарына өткөрүп бергенин да билдирген.