Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркиянын Бурса шаарына барды.

Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.