Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта иштеп жатат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта иштеп жатат.

 

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн билдиргендей, Пекиндеги кыргыз-кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусунда темир жол негизги суроолордун бири болду.

 

Белгилеп кетсек, аталган темир жолду куруу 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз жүзүндө гана калып келет.

 

Бул ирет кыргыз тарап транспорт боюнча тиешелүү документтердин баарын Кытайдын кароосуна жөнөткөнүн билдирген.