Саясий партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин ушул жылдын 20-августуна чейин даярдашы керек. novosti.kgге БШКдан билдиришкендей, талапкерлерди каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери старт алат.
Партиялар ошондой эле шайлоо фондун түзүп, 5 миллион сом кепилдик суммасын бериши керек.
Эске салсак, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн бекитүү мыйзамына кол койду. Ага ылайык, добуш берүү ушул жылдын 4-октябрында өтөт.