Бишкектин жаңы конуштарында газ системасын бөлүп төлөө шарты менен орнотуу пландалууда

Бишкектин жаңы конуштарында газ системасын бөлүп төлөө шарты менен орнотуу пландалууда. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында, 1 үйгө газ өткөрүү 20 миңден 60 миң сомго чейин айланат.

 

Кызматтын баасы кымбат болгондуктан, шаар бийлиги коммерциялык банктар аркылуу акчасын бөлүп төлөө шартын киргизүүнү пландап жатат. Анын мөөнөтү 3 жылдан 5 жылга чейин болушу мүмкүн. Жарандар айына 200-300 сомду абоненттик төлөм катары төлөп кутула берет.