Каракол шаарында бир катар чектөөлөр бүгүнтөн тарта киргизилет

Каракол шаарында бир катар чектөөлөр бүгүнтөн тарта киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Ага ылайык, ар ишемби күндөрү коомдук транспорттун иши токтотулат.

 

Андан тышкары, коомдук тамактануу жайлары кечки 8ге чейин жабылышы керек. Элди чогултуу менен иш-чараларга бөгөт коюлду. Эске салсак, эпидемиологиялык кырдаалдын курчуганына байланыштуу, Бишкекте жана Чүй, Баткен облустарында чектөөлөр киргизилди.