Кыргызстанга жакында COVAX программасынын алкагында 2 миллион  600 миң доза вакцина жеткирилет

Кыргызстанга жакында COVAX программасынын алкагында 2 миллион  600 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарыялады.

 

Анын айтымында, майда AstraZeneca жана Спутник V вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Жарандар үч түрлүү препараттын кайсынысын ала турганын өздөрү тандап алат. Эске салсак, Кыргызстанда массалык эмдөө 29-мартта старт алды. Бул үчүн кытайлык вакцина сатылып алынган. Андан кийин өлкөгө россиялык препарат жеткирилди.

 

Эмдөө алгач дарыгерлерге, мугалимдерге жана социалдык кызматкерлерге жасалууда.