Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт

Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Алгач аттестация Нарын облусунан башталат.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерет. Аттестацияны жүргүүзүү онлайн форматында болуп Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында жарыяланат.