Район акимдери жана алардын орун басарлары эми кадр резервинен гана дайындалат

Район акимдери жана алардын орун басарлары эми кадр резервинен гана дайындалат. Бул тууралуу 24 агенттигине Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда резервге кадрларды алуу максатында ачык сынак жүрүп жатат. 120 бош орунга 860 адамдан арыз келип түштү. Сынак эки этап менен жүрөт – компьютердик тестирлөө жана баарлашуу, — деди Маматалиев.