Шайлоочулар тизмеге өзгөртүүлөрдү 20-сентябрга чейин киргизе алат.
Novosti.kgге БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова түшүндүргөндөй, эгер жаран кандайдыр бир себептер менен шайлоо тилкесин өзгөрткүсү келсе, форма 2 арызын толтуруп, шайлоо участкасына кайрылышы керек.
Андан тышкары, tizme.gov.kg порталы аркылуу дагы өзгөртсө болот, болгону ага электрондук кол тамга талап кылынат.